Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн оюн башталды

Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн оюн башталды.   «Төлөйкөн» ат майданында өтүп жаткан спорттук саамалык Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата уюштурулду.   Турнирге алты команда катышууда. Бүгүн «Достук» — «Ынтымак» жана «Жаштык» -«Мурас» командалары беттешет.

Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат

Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен аталган өлкөнүн башкы дипломаты Рияд Аль-Маликинин жолугушуусунда айтылды.   Ошол эле учурда кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө.

Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Кечээ, 28-августта саат 15:37де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, силкинүү Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка караганда андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.