Будапештте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду

Венгриянын борбору Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мажар айкелчиси улуу манасчынын жандүйнөсүн бере алган, айкелде Саякбай атабыздын бүткүл улуулугу камтылган.   «Анда Саякбай Каралаевге канатташ улуу… Кененирээк…

Киров суу сактагычында абал өзгөрө элек

Киров суу сактагычында абал өзгөрө элек. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аталган суу сактагычта абал дагы деле курч экенин билдирди.   Маалыматка ылайык, былтыр суунун агып кириши секундасына 13,7 куб метрге жеткен болсо, учурда 0,7 куб метр гана болууда.   Буга чейин Айыл… Кененирээк…

Улуттук банкта дээрлик 50 тонна алтын сакталып турат

Улуттук банкта дээрлик 50 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу банктын башкармалыгынын жетекчиси Азат Козубеков билдирди.   Маалыматка ылайык, алтындын баасы 2,5 миллиард доллардан ашат.   Эске салсак, өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери сыртка 4 тоннадай алтын сатылганын буга чейин… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздукту 11 миңден ашык милиция камсыздайт

Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздукту өлкө боюнча 11 миңден ашык милиция камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштайт.

Түндүк-түштүк жолундагы «Көк-Арт» тоннелин казуу толугу менен аяктады

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» тоннелин казуу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, учурда бекемдөө иштери жүрүп жатат.   Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Казарман — Жалал-Абад тилкесинде жайгашкан. Узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси жоюлду

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси жоюлду.   Novosti.kgге Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдиргендей, учурда унаалардын кезеги жок. Бардык өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат.   Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августта каттала баштаган. Жалпысынан коңшу өлкө аймагына кирүү… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет

Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жогорудагы пансионаттар мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык.   Инвестиция салууга, оңдоп-түзөп, мейманкага курууга кызыккандар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылса болот. Бирок Жапаров сөз кайсы пансионаттар тууралуу болуп… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылды.   Калаанын Ленин көчөсү Ош-Бишкек унаа жолунун айланма жолунан тартып, Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү түшкү саат 12ге чейин толугу менен чектелет. Мунун себеби “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышына карата өтө турган иш-чарага байланыштуу.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы… Кененирээк…

Быйыл “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы 17 адамга берилди

Быйыл “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы 17 адамга берилди. Сертификаттарды өкмөт башчы Акылбек Жапаров тапшырды.   Республикалык комиссия тандаган 17 жаран 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларга магистр жана докторлук даражаны алуу үчүн кетет. Бул максатта президенттик фонддон 60 миллион сомдой… Кененирээк…

Жылдын биринчи жарымында Таласка дээрлик 145 млн сом бөлүндү

Жылдын I жарым жылдыгында бюджеттер аралык трансферттер катары Талас облусуна жалпысынан 144,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы минисрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: — теңдөөчү трансферт (ВГ) – 112,4 млн сом; — максаттуу трансферттер (ЦТ) катары жалпы – 32,3 млн сом.   Регионду… Кененирээк…