Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, министр тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде иштен алынды.

 

Каныбек Иманалиев бул кызматка быйыл март айында дайындалган.