Швейцария жылдын мыкты өлкөсү деп аталды

Швейцария жылдын мыкты өлкөсү деп аталды. Блумберг жазгандай, рейтинг түзүүдө жашоо шартынын деңгээли, ички дүң өндүрүмү жана башка критерийлер эске алынган.

 

Изилдөөлөр боюнча, Швейцарияда жумушсуздук дээрлик жокко эсе, кызматкерлер жогорку квалификациялуу. Ал эми ички дүң өндүрүмүнүн көрсөткүчү дүйнөдөгү эң мыктылардын бири – киши башына 83,5 миң долларды түзөт. Экинчи орунда Канада турат. Үчилтикти Швейция бекитет.