Жети айда Салык кызматы 158 миллиард сомдон ашык чогултту

Ушул жылдын январь айынан августуна чейин Салык кызматы тарабынан 158 миллиард сомдон ашык чогултулду. Ведомстводон билдиришкендей, каражаттын бир бөлүгүн салыктар жана төлөмдөр, калганын камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 26 млрд сомго көп. Мамлекеттик салык кызматы пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууда ККМ, эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды ишке киргизүү чоң роль ойногонун белгилейт.