Роналду «Алтын топко» талапкерлердин тизмесине кирбей калды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду «Алтын топко» талапкерлердин тизмесине кирбей калды. Бул 19 жылдан бери биринчи жолу болду.

 

Быйылкы сезондо сыйлыкка 30дан ашык оюнчу талапкер болууда. Алардын арасында Лионель Месси, Лука Модрич, Килиан Мбаппе, Эрлинг Холанд жана башкалар бар.

 

«Алтын топтун» ээси 30-октябрда белгилүү болот. Салтанат Париждеги «Шатле» музыкалык театрында өтөт.