Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны жогорулатууга 4 миллиард сом бөлүп берет

Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны жогорулатууга 4 миллиард сом бөлүп берет.   Токтом долбооруна ылайык, бийлик пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38 пайызга көбөйтүүнү пландап жатат.   Муну менен индексация менен өлкөдө орточо пенсия 9 миң 413 сомду түзөт, бул учурдагы орточо пенсиядан 1 миң… Кененирээк…

ТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди

TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов учурда кыргыз өкмөтү менен ТикТоктун… Кененирээк…

Беларуста ЖККУнун масштабдуу машыгуусу аяктап, кыргызстандыктар сыйланды

Беларустун аймагында Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмдарынын «Күжүрмөн боордоштук-2023» деп аталган масштабдуу стратегиялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.   Анын экинчи этабынын алкагында төрт ички машыгуулардын активдүү фазасы соңуна чыкты. Биргелешкен операцияны өткөрүү иш-аракеттери аяктаган соң жабылуу аземи болду. Министрликтен анда… Кененирээк…

Кытай бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге Apple компаниясынан iPhone телефондору менен колдонууга тыюу салды

Кытай бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге Apple компаниясынан iPhone телефондору менен колдонууга тыюу салды.   Wall Street басылмасынын маалыматы боюнча, бул жергиликтүү калктын чет элдик технологияларга болгон көз карандуулугун жокко чыгарууга багытталган иш-чара.   Эми кызматкерлер иштеген жерине айфондорду жана башка чет элдик компаниялардын технологиясын алып келе… Кененирээк…

Ош шаарында айрым көчөлөр бүгүнтөн тарта убактылуу жабылат

Ош шаарында айрым көчөлөр бүгүнтөн тарта убактылуу жабылат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына караганда, Навои, Ленин, Курманжан Датка, Бөрүбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүк тосулат.   Убактылуу чектөөлөр Ош ЖЭБин күзгү-кышкы сезонго даярдоонун алкагында оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Мэрия маалыматына ылайык, саат 10дон кечки 6га чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичирайонунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк жана уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусу зарыл.

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, адистер учурда эс алуу аймагы алдына Виноградная көчөсүн калыбына келтирүүдө. Бул жерде таман таштар төшөлүп, бордюрлар коюлду.   Ошондой эле ирригациялык система, отургучтар, көчө жарыгы жана таштанды челектери орнотулат. Жакынкы арада скверди жашылдандыруу иштери башталат.

Мамлекеттик резервдер фонду дан эгиндерин активдүү сатып алууда

Мамлекеттик резервдер фонду дан эгиндерин активдүү сатып алууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 16 миң тонна даярдалды.   Буудайдын даны үчүнчү класстан жогору болушу керек.   Андан тышкары, жабышчаактыктын деңгээли 23 пайыздан кем эмес болушу шарт. Ведомство ошондой эле аймактарга буудай жеткирүүгө… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.   Анын айтымында, Капчыгай жана Достук айылдары толугу менен курулуп, өрттөнгөн үйлөр калыбына келтирилди. Андан тышкары, айылдардын ички жолдору асфальтталып, электр энергиясы, таза суу… Кененирээк…

Россияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

Август айына карата Россиянын «кара тизмесине» кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп. Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.… Кененирээк…