“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кийинкиге жылдырылды

Кинематографиядагы жетишкендиги үчүн ыйгарыла турган “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кийинкиге жылдырылды. Иш-чара алгач ушул жылдын 18-ноябрына белгиленген.

 

Жаңы дата 2024-жылдын 9-январына жылды.

 

Голливудда актёрлор жана сценаристтердин иш таштоосу уланып жаткандыктан бул аземди быйыл өткөрүү мүмкүн эмес болууда.

 

Кошумчаласак, сыйлыктарды актриса Анжела Бассетт, режиссёрлор Мишель Сэттер, Мел Брукс жана киномонтажер Кэрол Литтлтон алышы керек болчу.