Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады.

 

Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Саламаттыкты сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова жана Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.

 

Буга чейин алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган.