Салык кызматы жыл башынан бери мүлк салыгы катары 2 миллиард сомдон ашык чогулту

Салык кызматы жыл башынан бери мүлк салыгы катары 2 миллиард сомдон ашык чогулту. Бул суммага турак-жайларга, батирлерге, үй алдындагы жер тилкелерине жана унааларга пошлиналар кирет.   Коюлган план 310 миллион сомго ашык чогулду. Эске салсак, салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда соңуна чыкты. Кечиккендер айып жана ар… Кененирээк…

Экономика министрлиги айрым процесстерди электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздардан бошотууну сунуштады

Экономика министрлиги айрым процесстерди электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздардан бошотууну сунуштады. Кеп калк менен эсептешүү, дыйкандарга айыл чарба продукциясын жеткирүү, товарды гуманитардык жардам катары тапшыруу жана бир катар башка процедуралар тууралуу болуп жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, аталган документ электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу тартибин жөнгө салуу… Кененирээк…

Кыргызстан чет мамлекеттерге дээрлик 7,5 тонна алтын экспорттоду

Кыргызстан жети айда чет мамлекеттерге дээрлик 7,5 тонна алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган көлөмдүн наркы 40,5 миллиард сомду түзгөн.   Алтындын 6 тоннадайы Швейцарияга, 1 тоннадайы Кытайга, жарым тонна Бириккен Араб Эмираттарына жана калганы Түркияга сатылган.

Бишкекте «Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 27-29-октябрь эл аралык универсалдуу «Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Аянтча саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.   Көргөзмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жеңил өнөр жай товарлары; айыл чарба азыктары; бал,… Кененирээк…

Күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда күч сынашат

Күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатында күч сынашат. Турнир 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт.   Биздин спортчулар эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге катышат.   Чемпионат 2024-жылкы жайкы Олимп оюндарына тандоо үчүн уюштурулат. Сынакта жалпысынан 90 квота берилет.

Бишкек троллейбус башкармалыгы жумушчуларды ишке чакырат

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканасы өз жамаатына жооптуу жумушчуларды ишке чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага 18 жаштан жогору төмөнкү адистер талап кылынат: — электронщик; — автоэлектрик; — ширетүүчү; — кузовчу; — токарь; — кыймыл курамын оңдоо боюнча слесарь; — электромонтер-кабельщик; — троллейбус айдоочусу; — АП7 унаасынын айдоочусу;… Кененирээк…

Таласта Кара-Кече көмүрүнүн баасы кымбаттады

Талас шаарында Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылууда. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн аталган кенден аймакка көмүр ташуу кызуу жүрүүдө.   Учурда Талас шаарындагы көмүр отун базасында кара отундун 1 тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылып жатат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.   «Душанбеде… Кененирээк…

Жалал-Абадда IT-борбор пайда болот

Жалал-Абадда IT-борбор пайда болот. Мэриянын маалыматына караганда, үч кабаттуу имараттын курулушуна 64,5 миллион сом бөлүнгөн.   Каржылоо булагы мамлекеттик бюджет болуп саналат. Ишти ушул жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.   Белгиленгендей, IT-борбор инновациялык технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттик мекемелердин бири болот.

Бишкекте төрт транспорттук түйүн курулат

Кытайдан келген гранттын эсебинен Бишкекте төрт транспорттук түйүн курулат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, алардын экөөсүн ушул айда баштоо пландалган. Бирок документтерди бүтүрүү узакка созулгандыктан иш кийинки жылга жылдырылды.   Транспорттук түйүн биринчи кезекте Анкара – 7-апрель көчөлөрү жана Лев Толстой… Кененирээк…