Бишкекте дагы бир сквер пайда болот

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот.

 

Мэрия маалыматына ылайык, эс алуу аймагы Байтик Баатыр жана Саманчин көчөлөр кесилишинде жайгашат. Бул жерде отургучтар, таштанды челектери, ирригациялык тармак орнотулуп, таман таштар төшөлдү.

 

Андан тышкары, жеринде “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Мэриядан такташкандай, буга чейин бул тилке колдонулбай келген.