Кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

Кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бирок ар кандай жөнгө салуу иш-чаралары болушу мүмкүн экенин Энергетика министри Таалайбек Ибраев эскертет.

 

Чиновник түшүндүргөндөй, кайсы бир көчөдө же райондо трансформаторлорго күч келсе, абоненттер башка тармакка өткөрүлөт. Бул жабдууларды күйүп кетүүдөн сактайт.

 

Эгер мындай чаралар көрүлбөсө, анда керектөөчүлөр 2-3 күндөп жарыксыз калышы мүмкүн жана трансформаторду толугу менен жаңыртуу зарылчылыгы жаралат, — деди Ибраев.