Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт

13-15-сентябрь күндөрү Бишкектин бир бөлүгүнө газ берилбей турганын «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди.
Маалыматта 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан газ түтүгүндө оңдоо иштери жүрө турганы айтылат. Мындан улам 7-апрель, Баялинов жана Куланов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, мындай аракеттер күз-кыш жылытуу мезгилине даярдануу үчүн жасалып жатканын белгиледи.