Кыргызстанда аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, “үй бүлөгө көмөк” пособиесинин өлчөмү 1 миң 300 сомду түзөт.
Андан тышкары, мындай үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифинде жеңилдиктер берилет. Алар бир киловатт-саат үчүн 50 тыйындан төлөшөт, — дешти министрликтен.