БШК Жогорку Кеңешке депутат кылып Кубанычбек Самаковду каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутат кылып Кубанычбек Самаковду каттады. Мекемеден билдиришкендей, Самаковго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.   20-сентябрда Боршайком Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңүүчү… Кененирээк…

Жалал-Абаддан Бишкекке каттаган айдоочулар автобекетке көчүрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттам жүргүзгөн таксилер автобекетке көчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан кабарлашты.   Учурда унаа тыгындарынын алдын алуу максатында жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып баруу менен бирге эскертүүгө… Кененирээк…

Бишкекте дебитордук карызы бар 6,8 миң абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Эртеңден тарта Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт.   «Бишкек электр тармактары» ​​ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.   Белгиленгендей, ишкананын “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер… Кененирээк…

Кыргызстанда ветеринардык сертификаттар онлайн бериле баштады

Кыргызстанда ветеринардык сертификаттар онлайн бериле баштады. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, система жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирди.   Бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстан 3-орунду ээледи

Кыргызстан Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Биринчиде Япония, экинчи орунда АКШ жайгашты.   Кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына 5 медаль алып келишти. Алтынды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, күмүш медалды Айпери Медет кызы, ал эми колону… Кененирээк…

2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар

2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар.   Олимп оюндарына катышууга лицензияны Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында алса, сууда сүзүүчү Денис Петрашов Японияда болгон Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышмай болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы тапшырылды. Мобилдик ооруканаларды Кытай кайтарымсыз гранттык негизде берген.   Бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырылат.   Мобилдик госпиталь атайын 19 жол тандабас унаалардын базасында куралган. Анда күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операцияларды… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4 миң 85 унаа импорттолду

Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4 миң 85 унаа импорттолду. «Тазабек» порталынын маалыматына караганда, бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн дээрлик 6,5 эсе көп.   Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган.   Улуттук статистикалык комитеттин билдиришинче, Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу… Кененирээк…

Кыргыз-казак форумунда 60 млн долларлык келишимге кол коюлду

Кыргыз-казак форумунда 60 млн долларлык келишимге кол коюлду. Өкмөттөн билдиришкендей, макулдашууларга Казакстандын Тараз шаарында өткөн аймактар аралык форумда жетишилди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация катышты.   Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Актөбө, Кыргызстандын Ош шаары менен Казакстандын Шымкент облусунун ортосунда… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков эки жолку Дүйнө чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.   Шаршенбеков 23-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта финалда Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, жапониялык Кеничиро Фумитаны 11:6 эсебинде утту.   Эки балбан буга… Кененирээк…