Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү — дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылганын билдирди.   Тиешелүү протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол коюлган. Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек… Кененирээк…

Таласта 8 жыл мурда курулуп баштаган мектеп жакында каалгаларын ачат

Таласта 8 жыл мурда курулуп баштаган мектеп жакында каалгаларын ачат.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдиргендей, курулуш иштери дээрлик соңуна чыкты.   Учурда билим берүү мекемесинин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Талас районунун Арал айылында жайгашкан мектеп 450 окуучуга чакталат.

Бишкекте кечкисин жана түнкүсүн коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке менен  башка унаалар дагы жүрө алат

Бишкекте кечкисин жана түнкүсүн коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке менен  башка унаалар дагы жүрө алат.   Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин  сары сызыкта башкалардын жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү эки жуманын ичинде ишке ашат. Мындай чечим тыгындарды азайтуу… Кененирээк…

Балыкчы шаарынан Тамчы айылына чейин темир жол салынышы мүмкүн

Балыкчы шаарынан Тамчы айылына чейин темир жол салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Экономист басылмасына Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.   Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо баасынын мониторинги жүргүзүлүп, аны иштеп чыгууга тапшырма даярдалды. Аны менен катар долбоордун каржылык булагын аныктоо варианттары каралууда.  … Кененирээк…

Баткенде муктаждарга акысыз азык-түлүк берген дүкөн ачылды

Баткенде азык-түлүктү акысыз берген социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.   Маалыматка караганда, мындай дүкөн ачууну Россия жана АКШда жашап, иштеген мекендештер сунуштаган. Алар ай сайын керектүү азык-түлүк сатып алуу үчүн акча которушат. Ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинетинин токтом долбоорунда буудай жана буудай унун өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык чектөө киргизилгени жазылган.   Мындай чечим азык-түлүк коопсуздугу жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынган.   Эске салсак, буга чейин өлкөдө ундун баасы кымбаттаганы парламент… Кененирээк…

Өкмөт унаалардын айнектерин караңгылатуу баасын эки айга төмөндөттү

Министрлер кабинети унаалардын айнектерин караңгылатуу баасын эки айга төмөндөттү. Акция маалында уруксат кагазы 50 миң сомдон башталат.   Эске салсак, тонировкага өткөн жылдын май айынын орто ченинде уруксат берилген. Буга чейин сумма жеке жактар ​​үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң, чет элдиктер… Кененирээк…

Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады

Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.   Ведомствонун маалыматына караганда, ушул жылдын январынан июль айына чейин өлкөгө дээрлик 21,5 миң тонна күн карама майы 2 миллиард 64 миллион сомго импорттолгон. Бир килограммдын орточо баасы дээрлик 96… Кененирээк…

БАЭден келген 150 блогердин Кыргызстанга саякаты аяктады

Перс булуңундагы өлкөлөрдөн жана Европадан келген 150 блогердин Кыргызстанга болгон маалыматтык жана фактыларды изилдөө сапары аяктады. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.   Сапардын жүрүшүндө блогерлер Кыргызстанга биринчи жолу баргандагы таасирлери менен бөлүшүп, өлкөнүн кооздугуна суктанышып, дагы бир жолу келүүнү пландап жатышканын айтышты.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда бензиндин тартыштыгы жок экени кабарланды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жок. Буга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишендирүүдө.   Ведомстводон эске салышкандай, ушул жылдын 21-сентябрында Россия бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешелүү эмес.   Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы… Кененирээк…