Кыргызстанда катталган дүйнөлүк компаниялар 2022-жылы 410 миллион сом салык төктү

Кыргызстанда катталган дүйнөлүк компаниялар 2022-жылы 410 миллион сом салык төктү. Кеп Meta, Apple, Bloomberg, Google, Яндекс сыяктуу электрондук кызмат көрсөткөн 48 компания тууралуу болуп жатат.

 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Анын айтымында, чет өл көлүк 48 компания Кыргызстандын Салык кызматында онлайн катталып, өлкөдөн тапкан кирешесинин 12 пайызын нарк салыгы катары төлөйт.