Бишкек мэриясы “Ош” базары менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.
Анын айтымында, объектилер Пригородное айылынын тышында орун алат. Иштер 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат. Ал эми Чыгыш автобекети Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлөт, — деди Уезбаев.