Кыргызстан балбандары дүйнөлүк рейтингде өзүнүн салмак категорияларында биринчи орунга көтөрүлдү. Тагыраак айтканда, Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков лидер боло алды.
Аталган рейтинг дүйнө чемпионатынан кийин жаңыланган. Кыргызстандык үч балбан тең бул мелдештен алтын медаль уткан.