Бишкекте көмүр тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Мекеменин кызматкерлери мониторинг да жүргүзүп, кара отунга баа туруктуу экенин жана кымбатташы күтүлбөй турганын аныкташкан.
Алсак, Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5,5 миң сом, ал эми казакстандык “Каражыра” менен “Шабыркүл” 6 миң сомдон сатылууда. Көмүрдүн баасы мындан ары дагы көзөмөлдөнөт.