Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миң китеп таратылат

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миң китеп таратат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул «Окуу керемет!» долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Долбоор өлкөдөгү жалпы мектептердин 75 пайызын камтыйт.

 

Китептердин 1,5 миңдейи 80 жергиликтүү автордун жана 35 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Анда үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктар камтылган.