Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, азырынча электр кубаты менен иштеген 10 унаа каттамга чыкты.

 

Такси Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тарта 12-кичи районго чейин эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечинде саат 5тен 8ге чейин сары тилке менен жүрөт. Баасы — 50 сом.