Бишкек: дөңгөлөк кампадагы өрт чектөөгө алынганы кабарланды

Бишкектин Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрт күндүзгү саат 4ттөр чамасында чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Өрттү толук өчүрүү үчүн министрликтин өрт өчүрүү кызматтарынан беш күжүрмөн топ тартылган. Мындан сырткары өрт чыккан жерде 40тай милиция кызматкери, электр тармагындагы адистерден бир бригада иштеп жатат.

 

Азырынча өрттүн так себеби белгисиз.