Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу  24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 43 адам кайрылган, 23ү жаткырылды, алардын экөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.

 

Эске салсак,  уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 тез татым жайында  шаурма жешкен. Түйүндөргө 72 миң сом айып салынып, алар текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды.