Коомдук транспорт үчүн тилкени кесип өткөн унааларга айып салынат

Бишкекте коомдук транспорт үчүн тилкени туура эмес жерден кесип өткөн унааларга айып пул салынат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти эскертти.

 

Белгиленгендей, бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун киришине тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган.

 

Линиядан башка жакка бурулуу үчүн да тиешелүү жерлер мерчемделген. Аны бузуп, туура эмес жерден линияга киргендерге да административдик чаралар каралган.