АКШ тургуну лотереядан 1 миллиард 76 миллион доллар утуп алды. Бул өлкө тарыхындагы эң ири утуштардын экинчиси болуп калды.
Эми бактылуу жаран акчаны кандай жол менен ала турганын чечиши керек – же 774 миллион долларды дароо алып кетсе болот, же толук сумманы 29 жылда бөлүп ала алат.
Кандай жолду тандабасын, утуштун 24 же 37 пайызын салык түрүндө төлөшү керек.