Кыргызстанда Ала-Көлгө барчу популярдуу жолго белгилер коюлду

Кыргызстанда Ала-Көлгө барчу популярдуу жолго белгилер коюлду. Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, бул жерде тиешелүү маалымат менен тактайлар орнотулду.

 

Жол Каракол, Алтын-Арашан жана Келдике капчыгайларын бириктирип, Ала-Көл көлүнө алып барат. Ал аркылуу күнүнө жүздөгөн чет элдик турист өтөт. Жалпы узундугу 40 чакырымга жетет. Белгилеп кетсек, буга чейин фонд 22 эко жолго маалымат берүүчү белгилерди орноткон.