Кыргызстанга Тажикстандын президенти келди

Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди.   Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.   Белгилеп кетсек, Тажикстандын президенти Кыргызстанга КМШ саммитине катышуу үчүн келди.

Ош шаарынын мэриясы Акжол Махмудовго 500 миң сом тапшырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500… Кененирээк…

Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.   “Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.   Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга бүгүн Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.   Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык… Кененирээк…

Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдү күйүүчү май менен толук камсыздайт

Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдүн бензин жана дизель майына болгон муктаждыгын толук камсыздайт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.   Ал белгилегендей, Россия Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүчү негизги өлкө.   Өткөн жылы 1 миллион 200 миң тоннага жакын күйүүчү май экспорттолсо, быйыл да… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте КМШ саммити өтөт

Бүгүн Бишкекте КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алары күтүлүүдө.

Караколдо заманбап ден соолукту чыңдоо комплекси курулууда

Караколдо заманбап ден соолукту чыңдоо комплекси курулууда. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Жабык типтеги комплексте бардык шарттар түзүлөт.   Белгиленгендей, курулуш «Каракол-өнүгүү чекити» долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Ташкентте элдин саны үч миллиондон ашты

Ташкентте туруктуу жашаган элдин саны 3 миллиондон ашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттигине таянып, “Азаттык” жазды.   Өзбек башкалаасында жашагандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт.   Ал эми июнь айындагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстандын туруктуу калкы 36 миллиондон ашкан.