Жакынкы бир саатта Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан келген ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.