Бишкекте жеткиликтүү баада көмүр сатылып баштады.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкананын Дэн Сяопин, 306 дарегиндеги кампада кара отун тоннасына 4 миң 700 сомдон сатылууда.
Учурга карата анда 800 тонна көмүр бар. Жакынкы күндөрү Мурманск, 126, Алыкулов 6, Алмата-айланма жол кесилишинде жана Курманалиев көчөсүндөгы кампаларга дагы көмүр жеткирилет. Энергетиктер шаар тургундарына көмүрдү кышкыга эртелеп камдап алууну сунуштайт.