Кышкы ЖРТга каттоо онлайн өтөт, бирок райондук билим берүү бөлүмдөрүндө гана жүргүзүлөт

Кышкы ЖРТга каттоо онлайн өтөт, бирок райондук билим берүү бөлүмдөрүндө гана жүргүзүлөт. Мунун себебин Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева сынактын катышуучуларынын өздүгүн тактоо зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

 

Ошондой эле быйыл каттоонун баасы жогорулады. Былтыр акы 370 сом болсо, эми 2027-жылга чейин 470 сом болот.

 

Кышкы ЖРТга каттоо 27-октябрга чейин уланат. Сынак жайкысын ЖОЖго тапшыра албай калгандар үчүн экинчи мүмкүнчүлүк.