Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Ушул жылдын 25-октябрынан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

 

Катуу отунга бааны жөнгө салуу үч ай бою күчүндө болот. Мындай чечим көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды.

 

Көмүрдүн баасынын максималдуу чегин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилейт.