Кыргыстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын дээрлик 14 чакырымы боюнча макулдашты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор 12-октябрдан 18-октябрга чейин чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Согди облусунун Бустон шаарында жолугушту. Иш-чара достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү белгиленди.
Калган аймактар боюнча тиешелүү иш Кыргызстандын аймагында боло турган кийинки сүйлөшүүлөрдө уланат.