Эртең Бишкекте “FinConference2023” иш-чарасы өтөт

Эртең Бишкекте “FinConference2023” каржылык иш-чарасы өтөт. Ага коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, мамлекеттик органдар, байланыш операторлору жана башка финансы институттары менен байланышы бар компаниялардын өкүлдөрү катышат.

 

Конференцияда ар кандай маселелер, анын ичинде киберкоопсуздукка, блокчейн технологияларын өнүктүрүүгө жана төлөм инструменттерине байланыштуу маселелер каралат.

 

Катышуучулар билимдерин кеңейтип, пикир жана тажрыйба алмашып, жаңы байланыштарды түзө алышат деп күтүлүүдө.