Улуу Британияда Белла аттуу мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди

Улуу Британияда 14 жаштагы Белла аттуу мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди. Анын ырылдаганы мышыктар дүйнөсүндөгү эң катуу үн катары табылган.

 

Рекордчунун дүңгүрөгөн үнүнүн бийиктиги дээрлик 55 децибелди түзөт.

 

Мышыктын ээси Белланын ырылдаганынан кээде кулагы бүтүп каларын белгилейт. Бул үн бөлмөдөгү телевизордун үнүн да угузбай салат.