Мас абалында унаа башкаргандар былтыркыдан 13 пайызга азайды

Мас абалында унаа башкаргандар былтыркыдан 13 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылат.

 

Белгиленгендей, январь-сентябрь айларында жол кыймылынын эрежесин бузган 746 миң 673 айдоочу аныкталды.

 

Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 396 млн 92 240 сом түштү. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчтөн 60 млн 212 170 сомго көп.