Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.… Кененирээк…

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт.   Анын тогузу мамлекеттик болсо, 26 окуу жай жеке менчик. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кышкы кабыл алууда гранттык орундар каралбайт, студенттер бир гана келишимдик негизде окууга кабыл алынат.   Каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми тестирлөөнүн… Кененирээк…

Балыкчынын №3 мектебинде жаңы корпус курулат

Балыкчынын №3 мектебинде жаңы корпус курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.   Мектептин жаңы имараты 500 окуучуга чакталат. Объекттин сметалык баасы 174 миллион 750 миң сомду түзөт. Арыздар 1-ноябрга чейин кабыл алынат.

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жиберди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган топ Бадахшан провинциясына, ошондой эле Афганистандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын жардам жеткирди.   Гуманитардык жардам дары-дармектер жана… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №226 автобус жүрүп баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №226 автобус жүрүп баштады. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, автобустук каттам маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында жана шаар тургундарынын көптөгөн суранычтарынан кийин пайда болду.   Ал буга чейинки 226-маршрутканы алмаштырды. Автобус Асанбай кичи районунан Дордойго чейин барат.   Муну менен ал шаардын түштүк… Кененирээк…

Жол эрежесин бузган айдоочулар мамлекеттик бюджетти дээрлик 400 миллион сомго толуктады

Жол эрежесин бузган айдоочулар мамлекеттик бюджетти дээрлик 400 миллион сомго толуктады. Жыл башынан берки 9 айга жыйынтыкты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы чыгарды.   Ага ылайык, январь айынан тарта 746 миңден ашык айдоочуга карата протокол түзүлүп, 396 миллион сомго айып салынды.   Бузуулардын басымдуусу ылдамдыкты… Кененирээк…

Криштиану Роналду жылдын мыкты бомбардири деп аталды

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду жылдын мыкты бомбардири деп аталды. 38 жаштагы оюнчу Босния жана Герцеговина командасы менен беттеште дубль жаздырды.   Муну менен ал жыл башынан бери клуб жана курамасы үчүн 40 гол киргизип, мыктылыгын көрсөттү. Норвегиянын форварды Эрлинг Холанд 39 голу менен экинчи… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире тарифин өзгөртүү чечими бардык процедураларды өткөргөндөн кийин кабыл алынат

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире тарифин өзгөртүү чечими бардык процедураларды өткөргөндөн кийин кабыл алынат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, бул маселени Бишкек шаардык кеңеши карашы керек.   Ошондой эле учурда ордо калаа тургундары арасында сурамжылоо, мамлекеттик органдар менен тактоо… Кененирээк…

Бишкекте жаңы ат майдан курулат

Бишкекте жаңы ат майдан курулат. Бул тууралуу Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, ипподромго аэропорт тараптан 210 гектар жер бөлүндү.   Ат майдандын долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот деп пландалууда. Жаңы ипподромдо аттарды багып, оюнга машыгып, улакчылар… Кененирээк…

Ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө жылуулукту эсептей турган “акылдуу эсептегичтер” орнотулуп жатат

Ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө жылуулукту эсептей турган “акылдуу эсептегичтер” орнотулуп жатат.   “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында жалпысынан 2 миң 210 батирде мындай шаймандар пайда болот.   Алар керектелген жылуулукту жана ысык сууну өлчөп, маалыматты бирдиктүү серверге өткөрүп турат.