Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия транспорт коридорун түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия Каспий деңизинен өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты. Маалыматты “Азаттык” Өзбекстандын Транспорт министрлигине таянып жазды.

 

Белгиленгендей, меморандумга бүгүн Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт форумунун алкагында кол коюлду.

 

“Түштүк коридор” деп аталган жаңы маршрут Россиядан Каспий деңизи, Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өтөт. Жаңы жол Кыргызстанга Европа жана Россияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет деп күтүлүүдө.