Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине каражат бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган мекемеден маалым болду.   Каражат жеңилдетилген насыя жана гранттык негизде берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган… Кененирээк…

Антимонополия күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо өзгөрүүлөр болгонун билдирди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.   Белгиленгендей, бүгүнкү күндө рыноктун туруктуулугуна таасир этүүчү негизги маселелер чечилди. Анын алкагында индикативдик баланстын жогорулашынын эсебинен Кыргызстанга күйүүчү май пошлинасыз берилет. Бул күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын ооздуктоого жардам берет.   Мындан тышкары,… Кененирээк…

Өзбек бийлиги коомдук жайларда никаб кийүү үчүн жаза киргизди

Өзбек бийлиги коомдук жайларда никаб кийүү үчүн жаза киргизди. Коңшу мамлекеттин Юстиция министрлиги билдиргендей, тиешелүү буйрукка өлкө президенти кол койду.   Тактап айтканда, коомдук жайларда адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүн болбогон даражада бетин жаап жүргөндүгү үчүн айып пул салынат. Анын суммасы 408 долларга чейин болот.

Бишкекте жылытуу мезгили башталды, бирок тариф кымбаттады

Бишкекте жылытуу мезгили башталды, бирок жылуулук үчүн төлөмдөр кымбаттады.   Жаңы тарифтерге ылайык, 2023-жылдын 1-июнунан тарта бир гигакалориянын баасы 10%га, башкача айтканда, калк үчүн 1 миң 248 сомго чейин кымбаттады.   “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын эсептөөлөрүнө таянсак, аянты 35 чарчы метр бир бөлмөлүү батирдин ээлери үчүн жылуулук… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды

Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аптека облустук клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан.   Мында өтө зарыл деп эсептелген 800дөй дары-дармек бар. Алдыда дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.   Бул дарыканадан препараттарды менчик аптекаларга салыштырмалуу 20%га чейин арзан сатып алса болот.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектеги «Ак Босого» конушунда суу жок болот

Бүгүн Бишкектеги «Ак Босого» конушунда ичүүчү суу жок болот.   Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, суу эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.