Кыргызстандын ишкерлери тарабынан 12 миллиондон ашык ЭСФ берилди

Ушул жылдын он айында Кыргызстандын ишкерлери тарабынан 12 миллиондон ашык электрондук эсеп-фактуралар берилди. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 триллион сомдон ашты.

 

Жалпысынан, система ишке киргенден бери, тагыраагы, 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишкерлер дээрлик 33 миллион эсеп-фактураларды беришкен.

 

Эске салсак, мындай документтерди КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочу жана экспорттоочулар, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр жана жеке ишкерлер колдонушат.