Салык кызматы быйылкы жылдын 10 айында дээрлик 200 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди. Анын айтымында, муну менен белгиленген план 2 млрд 900 млн сомго ашыкча аткарылган.
Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 млрд сомго көп. Бул көрсөткүчкө жетишүүдө көзөмөл-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактуралар жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү оң таасирин тийгизген.