«Манас» аэропорту жүргүнчүлөр үчүн эки жаңы трап сатып алды

«Манас» эл аралык аэропорту жүргүнчүлөр үчүн шарттарды жакшыртуу максатында эки жаңы трап сатып алды. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жабык түрдөгү траптар жаан, кар жааган мезгилде жүргүнчүлөрдү тосуп алууга жана учакка отургузууда ыңгайсыздык жаратпайт.