Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылды

Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасы менен ойнойт.

 

Мындан улам, түнкү 10го чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасында жол кыймылы чектелет. Бул Тоголок Молдо, Фрунзе, Панфилов көчөлөрү жана Чүй проспектисинин бир бөлүгүнө тиешелүү болот.