Кыргызстанда шайлоого катышпагандарды айыпка жыгуу сунушталууда

Кыргызстанда шайлоого катышпагандарды айыпка жыгуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети документти биринчи окууда жактырды.

 

Айыптын өлчөмү 5 миң сом болушу мүмкүн.

 

Ошол эле учурда талкуунун жүрүшүндө Министрлер кабинети мындай өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына каршы экени белгилүү болду, анткени шайлоого катышуу ар бир жарандын укугу.

 

Ушундай эле пикирди Акыйкатчы институтунун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да билдиришти.

 

Бардык сын-пикирлер экинчи окууда каралаары күтүлүүдө.