Нарын шаарында вакансия жарманкеси өтөт
Нарын шаарында вакансия жарманкеси өтөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, 22-ноябрда өтө турган иш-чарада 100дөн ашык жумуш орундары сунушталып, Нарындын 20дай компаниясы катышат. Андан тышкары, кесип тандоо, кесипке багыт алуу, жаңы адистиктер боюнча маалымат берилет.