Башталгыч класстын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт

Кыргызстанда башталгыч класстын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт. Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдиргендей, мамлекеттик билим берүү мекемелерине тиешелүү план келерки жылы ишке ашат.

 

Эске салсак, буга чейин Финансы министрлиги өзгөртүү киргизилген «Билим берүү жөнүндө» мыйзам боюнча бала бакчалардагы бөбөктөрдүн тамак-ашын ата-энелер каржылашы керектигин билдирген. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, документ кайра толукталган. Тагыраагы, мектепке чейинки билим берген жайларда тамакты мурдагыдай эле өкмөттүн эсебинен каржылоо тууралуу мыйзам коомдук талкууда.