Лондондо сейрек кездешүүчү бир бөтөлкө виски аукциондо рекорддук суммага сатылды. Ичимдик эки миллион доллардан ашык акчага бааланды.
Виски 1926-жылы жасалып, 60 жыл бою челекте сакталган. 37 жыл мурун анын бөлүгү 40 бөтөлкөгө куюлган.
Бул лот вискиге жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Буга чейинки жетишкендик 2019-жылга чейин сакталган. Андан кийин ошол эле партиядан бир бөтөлкө виски бир жарым миллион доллардан бир аз ашыгыраак баага кеткен.