“Торугарт” өткөрмө бекети эки саатка ишин токтотот
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети эки саатка ишин токтотот. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мунун себеби тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын жаңыртууга байланыштуу. Ага ылайык, бүгүн күндүзгү саат 3 жарымдан кечки 5 жарымга чейин “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдар, унаа жана жүктөр өткөрүлбөйт.