Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды.   Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн УБнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын М.Б.У. аттуу жаранына 17 мин 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болду. “Турмуш” басылмасы жазгандай, окуу имараты 250 орундуу болуп Жаш-Тилек айылында жайгашат.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 74 миллион сомду түздү. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Бишкекте көмүрдү жеткиликтүү баада саткан түйүндөр иштеп жатат

Бишкекте көмүрдү жеткиликтүү баада саткан түйүндөр иштеп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспектинде жайгашкан отун базасында көмүрдүн бир тоннасы 4 миң 700 сомдон сатылууда.   Андан тышкары, ушундай эле баада кара отунду Мурманск, Алыкулов көчөлөрүндө, Алмата менен айланма жолдун кесилишинде, Төмөнкү Ала-Арча айылында… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсеби менен жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсеби менен жеңди. Атаандаштардын дарбазасына Одилжон Абдурахманов киргизген гол кыргызстандыктарга жеңиш тартуулады.   Белгилеп кетсек, бул Кыргызстандын 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында экинчи беттеши болду. Алдыда эми Тайвань командасы менен беттеш болот. Буга чейин “Ак… Кененирээк…