Индияда тойго келген коноктор десерт талашып мушташа кетишти. Коноктордун бири салттуу таттуу – расгулла жебей калганына ачууланган. Анын нааразылыгынан кийин мушташ чыгып, алты адам жабыркаган.
Жабырлануучулардын бардыгы ооруканага жеткирилип, учурда абалы жакшы. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.